Кыргызстандын 7 айдагы тышкы соодасы 7,9 млрд долларга жетти

 Кыргызстандын 7 айдагы тышкы соодасы 7,9 млрд долларга жетти

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 1,4 пайызга өскөн.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы 3 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,1 пайызга азайган.

Анын ичинде экспорттук жөнөтүүлөр 5,3 пайызга кыскарса, импорттук түшүүлөр 1,1 пайызга өскөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын өз ара соодасында эң чоң үлүш Россияга – 67,1 пайыз, Казакстанга – 30,6 пайыз туура келген.

Связанный пост