Президент: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жылына $500 млн киреше алып келет

 Президент: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жылына $500 млн киреше алып келет

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго маек берип жатып Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке киргенден кийин транзиттик жүктөн бюджетке ири көлөмдөгү киреше түшөрүн айтты.

Мамлекет башчысы темир жолду Кыргызстан үчүн узак мөөнөттүү инвестициялык долбоор катары баалап, аны экинчи Кумтөр деп атады.

“Бул жол экинчи Кумтөр болот. Ары-бери өткөн жүктөрдөн эле бюджетке жок дегенде 400-500 млн доллар таза киреше түшөт “, – деди Жапаров.

Президенттин айтымында, Кумтөр жана көмүр сыяктуу ресурстар түгөнгөн шартта Кыргызстан үчүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү жана туризмди өнүктүрүү маанилүү.

Ошондой эле мамлекет башчысы темир жолдун курулушу жана өлкөнүн транзиттик потенциалынын өсүшү менен катар туризм тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн белгиледи.

Связанный пост