Президент: Камчыбек Ташиев айланасындагыларга ашыкча ишенип алганын мойнуна алды

 Президент: Камчыбек Ташиев айланасындагыларга ашыкча ишенип алганын мойнуна алды

Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө айрым кемчиликтерге көзөмөлдү күчөтпөй, жакын адамдарына ишенип койгонун мойнуна алгандыгын президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, ал акыркы эки жыл ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдө кайтарылып жаткан мүлктөрдүн бир бөлүгү жашырылып же өз кызыкчылыгына пайдаланылып жатышы мүмкүн деген сөздөр айтылып жатканын Ташиевге бир нече жолу эскерткен.

“Эл арасында криминалдардын мүлктөрүнүн жарымын мамлекетке өткөрүп, жарымын менчиктеп алып жатат, кустургандардын жарымын кустуруп, жарымын чөнтөгүнө салып жатат деген сөздөр айтылып жатканын мен акыркы эки жылдан бери какшап айтып келе жаткам”, — деди Жапаров.

Анын белгилешинче, Ташиев мындай маалыматтарды такташ үчүн текшерүүлөрдү жүргүзүп, документтерди карап чыкканын айтып, мыйзам бузуулар жок деген жыйынтыкты айтып келген.

“Эки күндөн кийин келип эле кагазын карап, мына, мен барып текшерүү жүргүзүп келдим, таптаза экен деп келе берчү”, — деди президент.

Жапаровдун айтымында, Ташиев кызматтан алынгандан кийин болгон окуялардын айрымдары ачыкка чыгып, өзүнүн катасын моюнга алган.

“Кызматтан алган соң бүт баары ачыкталгандан кийин мага келип туруп, башын шылкыйтып айтты. “Ооба, мен ката кетириптирмин. Ошол жагына мен ишенип алыптырмын. Сен айткан мезгилде жакшылап көңүл бурсам болмок экен”, — деди.

Президент Ташиевди кызматтан кеткенден кийин дагы 2-3 жолу кабыл алганын айтып, ошол жолугушууларда аныкталган кемчиликтерди ачык айтканын белгиледи.

“Кызматтан алынгандан кийин ооба мен ката кетириптирмин деп айтты. Ошондо эми кеч болду дедим. Көзөмөлдөбөй, жакындарыма ишенип жүрө бериптирмин деп катачылыгын мойнуна алды”, — деди Жапаров.

Связанный пост