Садыр Жапаров: Кытай менен бир чарчы метр талаш жерибиз жок

 Садыр Жапаров: Кытай менен бир чарчы метр талаш жерибиз жок

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эч кандай талаштуу маселе жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы Кытай менен кызматташууга токтолуп, эки өлкөнүн чек арасы толук чечилгенин белгиледи.

“Кытай менен биздин чек ара чечилип бүткөн. Бир чарчы метр талаш жерибиз жок, эл аралык бир дагы маселебиз жок”, — деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстан Кытай менен коңшу мамлекет болгондуктан, анын технологиясын жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле Кытай менен кызматташууга байланыштуу айтылган сын-пикирлерге токтолуп, өлкө үчүн инфраструктуралык жана технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экенин белгиледи.

Связанный пост