Финансы министрлигинде 110,2 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

 Финансы министрлигинде 110,2 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жана ага караштуу мекемелердин 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышына аудит жүргүзүлдү.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгында жалпы 110 млн 181,6 миң сомдук финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.

“Калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн 797,6 миң сомдун 10 млн 115,9 миң сому бюджетке кайтарылган. Эң ири мыйзам бузуулар милдеттенмелерди кабыл алуу, тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо боюнча аныкталып, анын көлөмү 80 млн 835,2 миң сомду түзгөн”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө, капиталдык салымдарда жана курулуш иштеринде, мамлекеттик сатып алууларда жана башка багыттарда мыйзам бузуулар катталган.

Белгиленгендей, аныкталган бузууларды толук жоюу, калган каражаттарды бюджетке кайтаруу жана финансылык тартипти күчөтүү боюнча Финансы министрлигине тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Связанный пост