Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жети айда 11,2 пайызга өстү

 Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жети айда 11,2 пайызга өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында 525,3 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 111,2 пайызды түздү.

Өнөр жайдагы өсүш бир катар тармактардагы өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыз болду. Атап айтканда, химиялык продукция өндүрүү 2,9 эсеге, тазаланган мунай продукцияларын өндүрүү 1,8 эсеге өскөн.

Мындан тышкары, транспорт каражаттарын өндүрүү 41,8 пайызга, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык продукцияларды өндүрүү 37,5 пайызга, курулуш материалдарын өндүрүү 33,6 пайызга, кен байлыктарды казып алуу 16,9 пайызга көбөйгөн.

Фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү 13 пайызга, негизги металлдарды өндүрүү 8,5 пайызга, тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки өнүмдөрүн өндүрүү 2,4 пайызга өскөн.

Ошондой эле январь-июль айларында курулуш тармагындагы көлөм 1,6 эсеге, айыл чарбасы 6 пайызга, дүң жана чекене соода 4 пайызга жогорулаган.

Связанный пост