Ошто жер титиреди
Ош облусунда күн мурун, 9-августта саат 21:42де жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирет.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Нура айылынан 3 чакырым түндүк-батышта, Икизяк айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 135 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Нура жана Икизяк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.