Кыргызстан менен Россия үчүн бирдиктүү SIM-карта ишке кирет
VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Кыргызстанда финтех кызматтары менен интеграцияланган виртуалдык мобилдик операторду (MVNO) түзүү жана ишке киргизүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Долбоор фонддун каржылык колдоосу менен “МВНО БКГ” ЖЧКсы тарабынан “Скай Мобайл” ЖЧКсы (Кыргызстандагы Beeline) жана “ВымпелКом” ААК (Россиядагы Beeline) менен биргеликте ишке ашырылууда.
“Бул Кыргызстандагы алгачкы мындай демилге болуп саналат. Ал Россияда иштеп жүргөн мекендештерибиз жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн атайын иштелип чыккан. Биздин максат – мобилдик байланышты, санариптик кызматтарды жана ыңгайлуу акча которууларды бир жөнөкөй системага бириктирүү. Ошентип, жакындар менен байланышты үзбөй кармап туруу жана чек аранын эки тарабында тең каржылык маселелерди чечүү жеңил жана ыңгайлуу болушун камсыз кылуу”, – деп белгиледи фонддун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков.
Демилгенин негизги өзгөчөлүгү – Кыргызстан жана Россиянын эки санариптик профили камтылган SIM-карта болот. Абоненттер SIM-картаны алмаштырбастан эле эки өлкөдө тең байланыш кызматтарын пайдалана алышат, башка өлкөгө көчкөн учурда өзүнүн көнүмүш номерин сактап кала алышат жана санариптик капчык менен интеграцияланган бирдиктүү тарифти колдоно алышат.