“Таш-Рабат” тарыхый комплекси реставрацияланууда

 “Таш-Рабат” тарыхый комплекси реставрацияланууда

“Таш-Рабат” тарыхый-архитектуралык комплексинде оңдоо-реставрациялоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, туристтер үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иштер “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында жүргүзүлүп, тарыхый эстеликтин сакталышын камсыздоого, конструкцияларын бекемдөөгө жана коопсуз пайдаланууга багытталган.

Реставрация иштери атайын технологиялар жана адистердин катышуусу менен этап-этабы менен жүргүзүлүп, 2027-жылга чейин уланат.

Министрлик жарандарды, туристтик компанияларды жана экскурсоводдорду иштер аяктаганга чейин киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырды. Келгендер үчүн коопсуз шарттар түзүлгөндөн кийин комплекске баруу тартиби тууралуу кошумча маалымат берилет.

Связанный пост