Юридикалык өкүлдөр үчүн бирдиктүү талаптар жана реестр киргизилет
Президент Садыр Жапаров “Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам юридикалык өкүлчүлүк институтун өркүндөтүү, юридикалык өкүлдөрдүн ишин жүзөгө ашыруунун бирдиктүү укуктук негиздерин түзүү, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу, ошондой эле сот өндүрүшүндө юридикалык өкүлдөрдүн катышуусун бирдей укуктук жөнгө салууну камсыз кылууга багытталган.
Мыйзам менен юридикалык өкүлдүн укуктук статусун мыйзам деңгээлинде бекемдөө, соттук өкүлчүлүк ишин жүзөгө ашырууга карата бирдиктүү талаптарды белгилөө, ошондой эле бул чөйрөнү мамлекеттик жана кесиптик жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү каралган.
Көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруу үчүн Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:
– юридикалык өкүл институтун киргизүү жана соттук өкүлчүлүк ишин жүзөгө ашыруучу адамдарга карата талаптарды аныктоо;
– юридикалык өкүлдөрдүн реестрин түзүү;
– юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик даярдыгына, квалификациясына жана кошумча окутуусуна карата талаптарды белгилөө;
– юридикалык өкүлдүн статусун алуу, токтото туруу жана токтотуу тартибин аныктоо;
– юридикалык өкүлдөргө карата кесиптик жүрүм-турумдун бирдиктүү стандарттарын, тартиптик жоопкерчиликти жана юридикалык сырды сактоо боюнча талаптарды жайылтуу;
– тиешелүү адистер жетишсиз болгон айрым административдик-аймактык бирдиктерде жарандардын квалификациялуу юридикалык жардамга натыйжалуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине юридикалык өкүлдөргө коюлган талаптардан четтөөлөрдү убактылуу колдонуу тартибин аныктоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү;
– юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктарын аныктоо;
– мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде юридикалык өкүлдөргө адвокаттар менен бирдей негизде жарандык, административдик сот өндүрүшүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышуу укугун берүү;
– юридикалык өкүлдөрдүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына катышуусу үчүн укуктук шарттарды түзүү.