Россияда үч кыргызстандыктын 568 миң рубль эмгек акысы өндүрүлдү

 Россияда үч кыргызстандыктын 568 миң рубль эмгек акысы өндүрүлдү

Россияда иштеп жүргөн үч кыргызстандыктын эмгек акы боюнча карызы толук өндүрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгүнө жарандардан эмгек акысы төлөнбөй жатканы тууралуу кайрылуулар түшкөн.

Өкүлчүлүк тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында “НСМТ” ЖЧКсы Кыргызстандын үч жаранына жалпы 568 миң 500 рубль өлчөмүндөгү эмгек акы карызын толук төлөп берди.

Министрлик чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктардын эмгек укуктарын коргоо багытында иштер улантылып жатканын белгиледи.

Связанный пост