Кыргызстанда 1-октябрдан тарта минималдуу пенсия 8,8 миң сомду түзөт

 Кыргызстанда 1-октябрдан тарта минималдуу пенсия 8,8 миң сомду түзөт

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмү олуттуу көбөйтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда минималдуу пенсиянын өлчөмү 7 миң 100 сомду түзөт.

“Мурда пенсия жыл сайын 200-300 сомго, эң көп дегенде 500 сомго көбөйчү. Ал эми 1-октябрдан тарта минималдуу пенсия 8 миң 800 сомду түзүп, 1 миң 700 сомго жогорулайт”, – деди Касымалиев.

Связанный пост