Касымалиев алдыдагы ири эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүнү тапшырды
Министрлер Табинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Президенттин Администрациясынын кезектеги аппараттык жыйыны өткөрүлдү.
Отурумда алгач МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жакында эле Ысык-Көл облсунда өткөрүлгөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу, ошондой эле UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты аны менен бир катар иш-чаралардын ийгиликтүү өткөрүлгөнүн белгиледи.
Адылбек Касымалиев, Кыргызстанда алдыда эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын болоорун белгиледи. Атап айтканда, быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин катышуусунда ШКУнун мааракелик саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт.
Бул маанилүү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери иштердин аткарылышы тууралуу маалымат беришти.
Талкуунун жыйынтыгында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга ШКУ саммитинин алкагында кол коюла турган документтердин каралышы, ошондой эле пландалган иштерди графикке ылайык жүргүзүп өз убагында бүткөрүү жана алдыдагы иш-чаралардын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшүн камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.