Таласта 20 тонна унду мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду
Талас облусунда 20 тонна унду мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Салыкчылар Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден “Чоң-Капка” өткөрмө пункту аркылуу эсепке алынбаган унду мыйзамсыз ташып келүү аракетин аныкташты.
Тактап айтканда, төрт жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда коштомо документтерде көрсөтүлгөн көлөмгө салыштырмалуу ташылып келинген ундун иш жүзүндөгү көлөмү аз көрсөтүлгөнү аныкталды. Натыйжада эсепке алынбаган ундун жалпы көлөмү 20 тоннаны түздү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча товардын баасы болжол менен 800 миң сомду түзөт.
Учурда жүк ташуучу унаалар айып короосуна токтотулду. Мыйзам бузган жарандарга карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.