Бишкекте дизайн-кодду алуу акысыз болот

 Бишкекте дизайн-кодду алуу акысыз болот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дизайн-коддорду жарандарга жана ишкерлерге акысыз берүү тапшырмасын берди.

Шаар мэриясынан билдиришкендей, дизайн-код борбор калаанын бирдиктүү архитектуралык көрүнүшүн түзүү максатында иштелип чыккан. Аны берүү үчүн жарандардан акча талап кылууга жол берилбеши керек.

Мэрдин айтымында, дизайн-кодду алуу үчүн 100 миң сом төлөө тууралуу кайрылуулар түшкөн. Буга байланыштуу Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгына тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле дизайн-кодду берүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталса, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлөрү белгиленди.

Связанный пост