Күйүүчү май менен камсыздоо маселеси боюнча жыйын өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча кезектеги жыйынды өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери күйүүчү май рыногундагы учурдагы абал, учурдагы коруктардын көлөмү, мунай продуктулары менен камсыздоо боюнча маалымат беришти.

Өзгөчө көңүл күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоого, кампалардагы коруктардын жетиштүүлүгү, ошондой эле мамлекеттик органдар менен рыноктун катышуучуларынын иштерин координациялоого бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Связанный пост