“Формула-1”: ИИМ тартип жана коопсуздукту көзөмөлдөп жатат
Ысык-Көлдө Борбор Азия тарыхында биринчи жолу UIM F1H2O сууда сүзүүчү моторлуу кайыктар жарышы боюнча дүйнө чемпионатынын “Кыргыз Республикасынын Гран-приси – Ысык-Көл 2026” этабы өтүп жатат.
Буга байланыштуу Ички иштер министрлигинин кызматкерлери эл аралык спорттук мелдеш өтүүчү аймакты көзөмөлдөп жатышат.
“Бүгүн, 1-августта таң эрте кызматкерлерге нускама өткөрүлүп, суу үстүндөгү коопсуздукту, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди”, – деп айтылат маалыматта.