Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди расмий тосуп алуу аземи өттү
Бүгүн, 30-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди анын мамлекеттик сапарынын алкагында расмий тосуп алуу аземи болуп өттү.
Азем “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөрүлдү. Аянтта Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары көтөрүлүп, Ардак кароол тизилип, салтанатка 40 этно-жоокер катышты.
Өз ара саламдашуудан кийин мамлекет башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Андан кийин мамлекет башчылары Ардак кароол катарын кыдырып чыгышты. Президент Шавкат Мирзиёев аскер кызматкерлери менен: “Салам, аскер!” – деп саламдашты.
Мындан соң эки өлкөнүн лидерлери расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышышты.
Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев бетме-бет сүйлөшүү өтө турган боз үйгө карай бет алышты. Сүйлөшүүлөрдүн алдында биргелешип сүрөткө түшүү аземи болду.