“Мадина” базары жабылбайт: Ишкерлерге дагы 3 айлык жеңилдик берилет

 “Мадина” базары жабылбайт: Ишкерлерге дагы 3 айлык жеңилдик берилет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Мадина” базары 1-августтан тарта жабылбай турганын билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.

Анын айтымында, ишкерлер жаңы базарга этап-этабы менен көчүп, жайгашып алуусу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мөөнөт берилет.

Мэр жаңы базардын ээлерине соода жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле ижара укугун сатып алуу же өткөрүп берүү мыйзамсыз экенин белгилеп, мындай көрүнүштөргө укуктук баа берилерин айтты.

Мындан тышкары, шаар башчысы тургундардан “Мадина” базарынын санитардык абалы жана унаа башаламандыгы боюнча көп даттануулар түшүп жатканын айтып, базарларды жаңылоо Бишкектин соода инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү экенин кошумчалады.

Связанный пост