Суудагы “Формула-1” мелдешинде экологиялык талаптар сакталат
H2O Racing уюмунун президенти жана UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын жетекчиси Николо ди Сан Жермано Ысык-Көл облусунун Бает айылында өткөн маалымат жыйынында айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарын туура пайдалануу мелдештерди өткөрүүдөгү негизги принциптердин бири экенин билдирди.
Ал чемпионат көп жылдан бери көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтууга багытталган атайын программаны ишке ашырып келерин белгиледи.
“Биз көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн тең салмактоого багытталган программа боюнча көп жыл мурун иштей баштаганбыз. Ал учурда бул милдеттүү талап эмес болчу. Бирок биз муну туура жол деп эсептегендиктен баштадык. Бардык уюштуруучуларды мелдештерди өткөрүүдө экологиялык жоопкерчилик принциптерин сактоого чакырабыз. Биз бул саясатты дүйнө жүзүндөгү чемпионаттын бардык этаптарында карманабыз. Бул – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз”, – деди ал.
Ди Сан Жерманонун айтымында, суу жана аба – жашоонун негизги булагы. Ошондуктан аларга аяр мамиле кылуу мелдеш уюштуруучулар үчүн да, жалпы коом үчүн да маанилүү болушу керек.
“Биз сууну жакшы көрөбүз, анткени бул биздин ишмердүүлүгүбүздүн негизги бөлүгү. Ага чоң урмат менен мамиле кылабыз жана ишибиз суу ресурстарына зыян келтирбеши үчүн бардык аракеттерди көрүү керектигин түшүнөбүз. Ар бир адам жаратылыш байлыктарын, өзгөчө сууну туура жана үнөмдүү пайдалануу зарылдыгын түшүнүшү керек”, – деп белгиледи H2O Racing жетекчиси.
Ошондой эле ал чемпионаттын алкагында гуманитардык долбоорлор да ишке ашырылып жатканын айтты. Атап айтканда, уюм Африканын айрым өлкөлөрүндө таза суу жетишсиз болгон аймактарда кудуктарды курууну каржылаган.
“Экологиялык жоопкерчилик UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын негизги принциптеринин бири бойдон калат. Ал эл аралык суу-мотор спортун өнүктүрүү менен катар чемпионаттын ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү болмокчу”, – деди Николо ди Сан Жермано.
Маалымат, фото “Кабар” агенттигинен алынды