Тоо-кен тармагынан 46,5 млрд сом салык түштү
2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстанда тоо-кен тармагынан түшкөн салыктар жана төлөмдөр 46,5 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,2 млрд сомго көбөйдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиялык жыйынында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын алгачкы алты айында бул көрсөткүч 28,3 млрд сомду түзгөн. Ошентип, тармакта туруктуу өсүш байкалып, мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелер кыйла жогорулады.
Ошондой эле лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдар (ЛКЖ) боюнча кирешелердин өсүшү негизги жетишкендиктердин бири катары белгиленген. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айынын жыйынтыгы боюнча бул багыттан 461,1 млн сом түшүп, бекитилген жылдык план 122,85% аткарылды. Натыйжада план ашыгы менен 85,7 млн сомго аткарылган.
Белгилей кетсек, министрликте быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүп, анда түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү жана негизги көрсөткүчтөр боюнча талдоо жүргүзүлүүдө.