Акылбек Жапаров Монголиянын айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри менен жолугушту

 Акылбек Жапаров Монголиянын айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Монголиянын айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Хаянгаа Болорчулуун менен жолугушту.

Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Монголиянын айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Хаянгаа Болорчулуун монгол тараптын эки өлкө үчүн кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди активдүү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө жана арттырууга багытталган бир катар маселелерди иштеп чыгуу тууралуу макулдашты.

Связанный пост