Жалал-Абаддагы жаратылыш парктарында автоматташтырылган өткөрмө пункттар ишке кирди
Жалал-Абад облусундагы “Кыргыз-Ата”, “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш парктарында жана “Падыша-Ата” мамлекеттик коругунда автоматташтырылган өткөрмө пункттары орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, автоматташтырылган өткөрмө пункттары аркылуу банктык карталар, QR-код жана электрондук капчыктар менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, эс алуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу тейлөө кызматы сунушталууда.
Бул демилгелер транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусун так эсепке алууга, финансылык ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана адам факторун азайтып, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле Сары-Челек мамлекеттик биосфералык аймагында жана “Кыргыз-Ата” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркында заманбап архитектуралык талаптарга жооп берген кире бериш аркаларын куруу иштери башталууда.