Кыргызстанга келген туристтердин агымы өсүүдө

 Кыргызстанга келген туристтердин агымы өсүүдө

Кыргызстандын туризм тармагы 2023-жылдан бери туруктуу өсүштү көрсөтүп жатат. 2026-жылдын жыйынтыгында өлкөгө 13 млнго чейин турист келиши мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы Кыргызстанга 8 млнго жакын турист келген. 2025-жылы бул көрсөткүч 10,5 млн адамга жеткен.

“Быйыл 12,5–13 млн турист келет деп күтүп жатабыз. Алты айдын жыйынтыгында Кыргызстанга буга чейин 6 млн 400 миң турист кирди. Биздин божомол боюнча, июль жана август айларынын жыйынтыгында, августтун аягында — сентябрдын башында туристтердин саны 9,5–10 млнго жетиши мүмкүн. Ошондуктан жылдын жыйынтыгында 12,5–13 млн турист келет деп болжолдонууда”, — деди Кубатов.

Ал акыркы жылдардагы көрсөткүчтөр чет элдик туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу туруктуу өсүп жатканын жана өлкөнүн туристтик потенциалы өнүгүп жатканын көрсөтөрүн белгиледи.

Связанный пост