Бир аптада дээрлик 24 миң жол эрежесин бузуу аныкталды

 Бир аптада дээрлик 24 миң жол эрежесин бузуу аныкталды

Өлкө аймагында 17-июлдан 23-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 23 735 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 4 619;
  • Мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу — 429;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 222;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 924;
  • Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 451;
  • Автоээнбаштык — 22;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 1226;
  • Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу — 11;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8614.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 217 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Связанный пост