Эсептөө палатасы: Салык кызматындагы текшерүүнүн жыйынтыгы чыкты

 Эсептөө палатасы: Салык кызматындагы текшерүүнүн жыйынтыгы чыкты

Эсептөө палатасынын Мамлекеттик салык кызматындагы аудитинин жыйынтыгында салык башкаруусунда жана финансылык тартипте бир катар кемчиликтер аныкталды.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдүн декларациялары, отчеттору жана эсеп-фактуралары боюнча 11 млрд 559 млн сом өлчөмүндө бюджетке түшпөй калуу тобокелдиги аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын негизинде бул сумманын ичинен 3 млрд 211,3 млн сом кошумча эсептелип, бюджетке кайтаруу иштери башталды.

Эсептөө палатасы аудиттин жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана ички финансылык көзөмөлдү күчөтүү боюнча милдеттүү сунуштамаларды берди.

Связанный пост