Кийинки жылдан баштап полиэтилен баштыктарын чыгаруу жана сатуу чектелет

 Кийинки жылдан баштап полиэтилен баштыктарын чыгаруу жана сатуу чектелет

Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын алкагында пластик калдыктарын азайтуу жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында полимердик пленкалардын жүгүртүлүшүн чектөө иштери этап-этабы менен ишке ашырылууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, адистердин эскертүүсүнө ылайык, пластик калдыктары жаратылышта 400дөн 700 жылга чейин, ал эми кадимки полиэтилен баштыктар 100дөн 200 жылга чейин чирибей турат.

“Алар микро- жана нано-бөлүкчөлөр түрүндө тамак-аш, суу жана аба аркылуу адамдын организмине кирип, ден соолукка олуттуу коркунуч жаратууда”, – деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, 2023-жылдан тарта Ысык-Көл облусунда жана өлкөнүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айрым пластик буюмдарын жана полимер баштыктарын колдонууга чектөө киргизилген. Эми 2027-жылдан баштап өлкө боюнча полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө толугу менен тыюу салынат.

Министрлик ата мекендик бизнести, өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды экологиялык таза, тез чирий турган альтернативдүү баштыктарга жана буюмдарга өтүүгө өз убагында даярдоо максатында туруктуу негизде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Связанный пост