“Ак-Жол” өткөрмө бекетинен күнүнө 20 миң адам өтүүдө
Туристтик сезондун башталышы менен “Ак-Жол — Автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу күн сайын болжол менен 20 миң адам өтүүдө. Бул тууралуу аталган өткөрмө пунктунун башчысы Азат Маматкулов билдирди.
Анын айтымында, күнүнө Кыргызстандын жана Казакстандын тарабынан болжол менен 10 миңден адам мамлекеттик чек арадан өтөт.
“Жай башталгандан бери мамлекеттик чек арадан күн сайын 10–13 миңдей адам өтүп жаткан. Азыр туристтик сезон башталып, эл Ысык-Көлгө агылып жаткандыктан, жүргүнчүлөрдүн саны көбөйдү. Мындан тышкары, ШКУнун иш-чаралары жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу да адамдардын агымы көбөйөрү күтүлүүдө”, — деди Маматкулов.
Ал белгилегендей, быйыл эң көп жүк май майрамдары учурунда катталып, анда чек арадан өткөндөрдүн саны күнүнө 25 миң адамга жеткен. Бул жарандардын Алматы жана Ташкент шаарларына көп каттаганы менен байланыштуу болгон.
Учурда өткөрмө пункттагы паспорттук көзөмөл залдарында 8–10 текшерүү кабинасы иштеп жатат жана кезек күтүү жок.
“Биз жарандарды мүмкүн болушунча ыкчам өткөрүүгө аракет кылабыз. Ошондуктан кезек жаралбайт. Документтерди текшерүү бир мүнөткө чейин, ал эми жеңил автоунааны кароо орточо беш мүнөткө жакын убакытты алат”, — деди ал.
Маматкуловдун маалыматына ылайык, күн сайын мамлекеттик чек арадан ар кандай мыйзам бузуу жана чектөөлөрдөн улам 20–30 адам өткөрүлбөй калат. Негизги себептер катары жасалма документтер, балдарды алып өтүүгө ишеним каттын жоктугу жана башка бирөөнүн документин колдонуп чек арадан өтүүгө аракет кылуу көрсөтүлүүдө.