Айгүл Жапарованын атынан “Алтын балалыкта” эс алып жаткандарга белектер берилди

 Айгүл Жапарованын атынан “Алтын балалыкта” эс алып жаткандарга белектер берилди

Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан белектер тапшырылды. Бул тууралуу Жапарованын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Бул кайрымдуулук акциясы Айгүл Жапарованын демилгеси менен салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын башкы максаты – өлкөнүн келечеги болгон жаш муунга өзгөчө көңүл буруп, аларга камкордук көрсөтүү жана жайкы эс алуу учурунда майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.

“Үстүбүздөгү жылы “Алтын балалык” балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8 миңге жакын бала эс алат”, – деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар билдиргендей, борбордо балдардын толук кандуу эс алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана жайкы убактысын кызыктуу өткөрүүсү үчүн бардык зарыл болгон заманбап шарттар түзүлгөн.

Связанный пост