Ысык-Көлдө КРнын акватлон боюнча чемпионаты өткөрүлөт
2026-жылдын 12-июлунда Ысык-Көлдүн жээгиндеги Кажы-Сай шаар тибиндеги кыштагында жайкы спорттук сезондун эң маанилүү иш-чараларынын бири — Кыргыз Республикасынын акватлон боюнча чемпионаты, ошондой эле ISSYK-KUL AQUATHLON 2026 ышкыбоздор мелдеши жана ISSYK-KUL AQUATHLON RELAY 2026 командалык эстафетасы өткөрүлөт.
Мелдештерди Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясы уюштурууда. Иш-чарага өлкөнүн алдыңкы спортчулары, жаш атлеттер, спорт сүйүүчүлөрү жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышат деп күтүлүүдө.
Акватлон — триатлондун дисциплиналарынын бири болуп саналат. Ал эки этаптан турат: ачык сууда сүзүү жана тыныгуусуз чуркоо. Мелдештер Ысык-Көлдүн кооз жээгинде жана ага чектеш чуркоо трассасында өткөрүлөт.
Иш-чаранын алкагында төмөнкү мелдештер уюштурулат:
1. Кыргыз Республикасынын акватлон боюнча чемпионаты
Төмөнкү курактык жана спорттук категорияларда жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталат:
- Элита;
- Junior (16–19 жаш);
- U15 (13–15 жаш);
- Параспортчулар;
- Балдар категориялары: 7–8 жаш, 9–10 жаш жана 11–12 жаш.
2. ISSYK-KUL AQUATHLON 2026 (Age Group жеке жарышы)
16 жаштан жогорку курактагы ышкыбоз спортчулар төмөнкү аралыктар боюнча күч сынашат:
- 1000 метр сүзүү;
- 5 чакырым чуркоо.
3. ISSYK-KUL AQUATHLON RELAY 2026
Эки катышуучудан турган ышкыбоз командалар (сүзүүчү жана жөө күлүк) эстафета форматында төмөнкү аралык боюнча мелдешет:
- 1000 метр сүзүү;
- 5 чакырым чуркоо.
Мелдештин негизги максаты — Кыргыз Республикасында акватлон жана триатлон спортун өнүктүрүү жана жайылтуу, массалык спортту колдоо, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, улуттук курама команда үчүн келечектүү спортчуларды аныктоо, ошондой эле калк арасында сергек жана активдүү жашоо образын жайылтуу.
Бардык мелдештер Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясынын техникалык регламенттерине жана World Triathlon эл аралык эрежелерине ылайык өткөрүлөт. Уюштуруучулар катышуучулардын коопсуздугун камсыздоого, мелдештин жогорку деңгээлде уюштурулушуна жана калыстар тобунун сапаттуу ишине өзгөчө көңүл бурушат.
Маалымат үчүн
Триатлон — сүзүү, велосипед тебүү жана чуркоо сыяктуу үч циклдик дисциплинаны бириктирген олимпиадалык спорт түрү. Анын өзгөчөлүгү — спортчу бул үч этапты тыныгуусуз жана белгиленген убакыттын ичинде катары менен өтүшү керек. Триатлондун дуатлон жана акватлон сыяктуу өзүнчө дисциплиналары да бар.
Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы 2015-жылдын 1-апрелинде түзүлгөн.
Федерация Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети жана Эл аралык триатлон союзу тарабынан расмий спорттук федерация катары таанылган.
Ошондой эле 2015-жылдын 11-июнунан тартып Азия триатлон конфедерациясынын, ал эми 2019-жылдын 2-мартынан тартып Борбордук Азия триатлон ассоциациясынын толук кандуу мүчөсү болуп саналат.