Германиядагы аптаптуу ысык 5 миңден ашык адамдын өлүмүнө себеп болду
Германияда үстүбүздөгү жылы аптаптуу ысыктан улам 5120 өлүм учуру катталды. Мунун көбү июнь айынын аягында, жумалык орточо температура Цельсий боюнча 20 градустан кыйла жогорулаган учурга туура келди.
АЗЕРТАЖ билдиргендей, Роберт Кох атындагы Коомдук саламаттыкты сактоо институтунун (RKI) баалоосу боюнча, көз жумгандардын 4270ке жакыны 75 жаштаан улуу курактагы адамдар болгон.
Reuters агенттигинин жазганына караганда, каза болгондордун арасында эркектерге караганда аялдар көп, буга биринчи кезекте аялдардын өтө карыган адамдардын арасында чоң үлүштү түзөрү себеп болгон.
“Аномалдуу ысыктын кесепеттери моделдөө аркылуу эсептелгенден дагы масштабдуу болушу мүмкүн. Федералдык статистикалык башкармалыктын маалыматына ылайык, 22-июндан 28-июнга чейинки аралыкта ашыкча өлүмдүн көрсөткүчү 6,8 миң учурду түздү”, – деп белгилешти мекемеден.
Германиядан алынган маалыматтар бүткүл Европадагы аянычтуу абалды ого бетер курчутууда. Бейшемби күнү Европа биримдигинин Климаттын өзгөрүшүн көзөмөлдөө боюнча Коперник кызматы өзүнүн бюллетенинде Батыш Европа өлкөлөрүндө абанын температурасы 40 градустан жогору көтөрүлгөнүн билдирди.