Таштандыга толгон Аламүдүн суусу тазаланууда
Аламүдүн районунун Ленин айылында таштандыга толгон Аламүдүн суусу тазаланууда.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Instagram социалдык тармагында Ленин айылындагы Аламүдүн суусунун тиричилик таштандыларына жана желим бөтөлкөлөргө толуп калганы тууралуу видео жарыялангандан кийин ыкчам чаралар көрүлдү.
Учурда аталган аймакты тазалоо үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жана Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасы биргеликте иш алып барууда.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн суусунда суунун деңгээли көтөрүлгөндүгү аныкталды. Натыйжада, тургундар тарабынан жогору жактарга мыйзамсыз ташталган тиричилик калдыктары агып келип, суунун жээгине жана айрым жерлерине топтолуп калган.