Быйыл Баткенде 34,1 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналат

 Быйыл Баткенде 34,1 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналат

Баткен облусунда 2026-жылдын түшүмүн жыйноо өнөктүгү активдүү уланууда.

Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул жылы облус боюнча жалпы 34 миң 107,7 гектар аянттан дан эгиндерин оруп-жыйноо пландалган. Анын ичинен:

  • буудай – 12 746,6 гектар;
  • арпа – 11 471,1 гектар;
  • жүгөрү, күрүч жана башка өсүмдүктөр – калган аянттарда.

Учурда кылкандуу дан эгиндеринин 5 миң гектардан ашууну оруп-жыйылды. Орточо түшүмдүүлүк бир гектарына 32-34 центнерди түзүүдө.

Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Кадамжай районуна барып, эгин талааларындагы жана үрөн чарбаларындагы иштердин абалы менен жеринен таанышты.

Ал жергиликтүү бийлик жана дыйкандар менен жолугуп, түшүмдү өз мөөнөтүндө коромжусуз жыйнап алуу, техникалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуу маселелерин талкуулады.

Связанный пост