Бишкекте диний-экстремисттик уюмдун 12 мүчөсү кармалды
Бишкекте “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кармалган адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу, тыюу салынган мазмундагы материалдарды даярдоо жана таратуу менен алектенип келишкени аныкталган.
Тинтүү учурунда диний экстремисттик адабияттар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар (DVD-дисктер), уюлдук телефондор, планшеттер жана ноутбуктар, ошондой эле пневматикалык тапанчалар, акча каражаттары жана учкучсуз учуучу аппарат табылган.
Бул факт боюнча “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” жана “Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу” беренелери менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иш-чаралары улантылып, экстремисттик топтун башка катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат.