Курулуш министрлиги жаштарды жумушка чакырат

 Курулуш министрлиги жаштарды жумушка чакырат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаш адистерди жумушка чакырат. Бул тууралуу ведомство башчысы “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында, материалдык-техникалык базасы акыркы 48 жылда биринчи жолу жаңыланган Инженердик изилдөөлөр департаментине барган учурда билдирди.

“Биз жаш адистерди биздин командага кошулууга чакырабыз. Бүгүнкү күндө министрлик ыңгайлуу иштөө үчүн бардык шарттарды түзүүдө: туруктуу жана өз убагында берилүүчү эмгек акы кепилденет, ошондой эле сыйлык дагы каралган. Белгилей кетсек, чогулган бардык каражаттар түзүмдүн ичинде калат. Биз департаменттин бюджетинен бир да сом алган жокпуз, бардык кирешелер аны модернизациялоого багытталат. Алсак, мекемени өнүктүрүү үчүн жалпы баасы 20-30 млн сомду түзгөн жаңы, заманбап жабдуулар сатып алынды”, – деди Орунтаев.

Текшерүү учурунда маалым болгондой, департаменттин адистеринин негизги айлык акысы 70 миң сомду түзөт. Ошол эле учурда, аткарылган иштин көлөмүнө жараша адистердин айына 200-300 миң сомго чейин киреше табууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Связанный пост