Бишкектеги түнкү каттамдар күн сайын 2 миңден ашык жүргүнчүнү тейлөөдө

 Бишкектеги түнкү каттамдар күн сайын 2 миңден ашык жүргүнчүнү тейлөөдө

Бишкекте коомдук транспортто жол акысын накталай эмес төлөө системасы оң жыйынтыктарды берүүдө. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев менен “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын” директору Талант Капаров катышкан кеңешмеде маалым болду.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда жүргүнчүлөр үчүн жол акысын төлөөнүн 11 ыкмасы жеткиликтүү. 7-июлда коомдук транспортто 735 миң транзакция катталган. Системанын ишке кириши менен шаардык бюджетке күн сайын орточо эсеп менен 1 миллион сомго жакын кошумча каражат түшүүдө.

Ошондой эле жол кирени төлөөнү текшерүү боюнча контролёрлордун рейддик иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, түнкү каттамдар шаар тургундарынын арасында чоң суроо-талапка ээ болууда. Учурда аларда күнүнө орточо 2 миңден ашык төлөм катталууда.

Белгиленгендей, жайкы туристтик мезгилге байланыштуу “Бишкекавтобекет” муниципалдык ишканасынан №13 каттам боюнча түнкү рейсти уюштуруу маселеси каралды. Бул демилге шаар мэри тарабынан колдоого алынды.

Связанный пост