Бишкекте шаар коноктору үчүн транспорттук карталар сатылышы мүмкүн
Бишкек шаарына келген жарандар үчүн транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маселе шаар мэри Айбек Жунушалиев менен “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын” директору Талант Капаров катышкан кеңешмеде талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө мэр шаарга жеке унаасы менен келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, автобекеттерде транспорттук карталарды сатууну уюштурууну тапшырды.
Демилгеге ылайык, башка аймактардан келген жарандар унаасын автобекеттин аймагына калтырып, коомдук транспортто жүрүү үчүн атайын карталарды сатып ала алышат.