Окуучунун сабалышы: “Кут Билим” комплексинин директору жумуштан бошотулду
Социалдык тармактарда мектеп окуучусунун сабалышы боюнча тараган видео тасмага байланыштуу Агартуу министрлиги расмий билдирүү таратты.
Ага ылайык, аталган окуя 29-майда Жети-Өгүз районундагы жеке менчик “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде катталган.
“Учурда бул факт боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан тийиштүү териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле мектепте окуучулардын ата-энелери менен атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул окуядан соң аталган билим берүү мекемесинин директору ээлеген кызматынан бошотулду. Учурда окуу-тарбия комплексинде жаңы дайындалган директор иш алып барууда”, – деп айтылат маалыматта.