“Бала ырысы” жөлөк пулун кимдер ала алат?

 “Бала ырысы” жөлөк пулун кимдер ала алат?

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр үчүн “Бала ырысы” деп аталган жаңы ай сайын берилүүчү жөлөк пулга арыздарды кабыл алуу башталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул төлөмдү дайындоо боюнча негизги суроолорго жооп берди.

Жөлөк пулдун шарттары жана өлчөмү:

  • 3 жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1 200 сомдон төлөнөт (айрым аймактарда райондук коэффициенттер кошулат).
  • Кыргызстандын жарандары жана кайрылман макамы бар, 3 жашка чейинки баласы менен чогуу жашаган ата-энелер (асырап алуучулар, камкорчулар). Нике күбөлүгү талап кылынбайт, андыктан жалгыз бой же ажырашкан ата-энелер да ала алышат.
  • жөлөк пул үй-бүлөнүн материалдык абалына жана “Социалдык контракт” программасына катышканына карабастан берилет.

“Эгерде атасы же энеси чет өлкөдө миграцияда жүрүп, бирок бала Кыргызстандын аймагында жашаса жөлөк пул төлөнөт. Ал эми бала дагы, ата-энеси дагы өлкө сыртында туруктуу жашаса, төлөм берилбейт”, – деп айтылат маалыматта.

Арызды кантип берүү керек?

Арыздарды “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн же министрликтин аймактык башкармалыктарына барып берүүгө болот. Документтер толук болсо, жөлөкпул кайрылган күнү эле автоматтык түрдө дайындалат.

Төлөмдөр азырынча мамлекеттик “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” аркылуу жүргүзүлөт, кийинчерээк дагы 13 коммерциялык банк кошулат.

Связанный пост