Соцфондго барбай, документ чогултпай эле пенсияга чыгууга шарт түзүлөт

 Соцфондго барбай, документ чогултпай эле пенсияга чыгууга шарт түзүлөт

Социалдык фонд жаш курак жана майыптык боюнча пенсияларды чектөө процессин толугу менен санариптештире турган жаңы Автоматташтырылган маалыматтык тутумду ишке киргизүү алдында турат.

Мекемеден билдиришкендей, бул реформанын алкагында жарандардын маалымкаттарды чогултуп, мекеменин бөлүмдөрүнө убара болуп баруусу токтотулат.

“Жаңы тутум жарандын эмгек стажы, кирешелери тууралуу маалыматтарды тиешелүү базалардан өз алдынча топтоп, төлөмдүн өлчөмүн эсептөө менен пенсияны автоматтык режимде тариздейт. Пенсия курагына жетүүгө 1 ай калганда жарандын “Түндүк” тиркемесиндеги жеке кабинетине Соцфонддон билдирүү келет. Жаран болгону ошол билдирүүнү ачып, пенсиясын кайсы банктын картасы аркылуу алууну кааласа, ошол каржы мекемесин тандап койсо жетиштүү болот”, – деп айтылат маалыматта.

Жаңы тутум кемчиликсиз иштеши жана билдирүүнү өз убагында алуу үчүн Соцфонд жарандарга, өзгөчө пенсия курагына жакындап калгандарга “Түндүк” тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүүнү сунуштайт. Ошондой эле улуу муундагы жакындарга тиркемени жөндөөгө жардам берүү өтүнүчү келтирилген.

Белгилей кетсек, санариптик тутумдун толук кандуу ишке киргизилиши боюнча кошумча маалымат берилет.

Связанный пост