Энергетика министралиги: Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жетиштүү
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жетиштүү. Бул тууралуу КР Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө бир айдан бир жарым айга чейин жеткендей күйүүчү майдын кору бар.
“Маалым болгондой, акыркы 3-4 жылдын ичинде дүйнөдө геосаясий абал курчуганына байланыштуу энергетикалык рынокто абал тез өзгөрдү. Буга байланыштуу мамлекеттер өздөрүнүн ички баланстарын, керектөөлөрүн жана башка жактан диферсификациялоо маселелерин карай баштады. Анын катарында Кыргызстанда да нефть, газдын тиешелүү деңгээлде өндүрүмдүүлүгү болбогондуктан, импортко көз каранды мамлекет бойдон калуудабыз”,- деди Керимов.
Россиядан келе турган күйүүчү майдын көлөмү мурункуга салыштырмалуу учурда азайып калганын министрдин орун басары өз сөзүндө белгиледи.
“Дээрлик 90 пайыздан жогору көлөмдө күйүүчү майды Россиядан алып келгенбиз жана бүгүнкү күндө да алып жатабыз. Анткени, 2016-жылы күйүүчү май боюнча түзүлгөн өкмөттөр аралык келишим бар. Кыргызстан жылына болжол менен 2 млн тоннага жакын күйүүчү-майлоочу майдын ар кайсы түрүн керектеп келебиз. Ошонун дээрлик 95 пайызга жакыны Россиядан келет. Бирок, мурункуга салыштырмалуу көлөм бир аз азайды”,- дейт ал.