Бишкекте граната жана курал-жарактар табылды

Бишкек шаарында ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Махатма Ганди жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда унаанын арткы орундугунан жүргүнчүлөрдүн бирине таандык спорттук баштык табылган. Анын ичинен ПМ үлгүсүндөгү тапанчага окшош буюм, 5 огу менен REX PERFEKTA үлгүсүндөгү тапанчага окшош буюм, 13 даана 9 мм калибрдеги огу менен белгисиз үлгүдөгү тапанча-пулемётко окшош буюм, жылмакай тешиктүү ок атуучу куралдын бир бөлүгү, төрт даана граната, кара түстөгү беткап жана жашыл түстөгү аскердик камуфляж кийиминин топтому алынган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө маалында шектүү 1983-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Р.К. аттуу жаран экени аныкталган.

Анын көрсөтмөсүнө ылайык, табылган баштык мурда өзү менен бирге жаза мөөнөтүн өтөгөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары белгилүү болгон Чыңгыз Жумагуловго (Чыңгыз Дөө каймана аты менен белгилүү) таандык болгон. Шектүүнүн айтымында, болжол менен төрт жыл мурун Жумагулов баштыкты убактылуу сактап турууну өтүнүп берген. Баштыктын ичинде курал бар экенин көргөндөн кийин аны токой тилкесине көмүп коюп, кийин кайрылып алган эмес. Кийинчерек Жумагулов кармалып, андан соң каза болгонун укканын билдирген.

Учурда алынган курал-жарактар жана ок-дарылар соттук экспертизага жөнөттү.

Связанный пост