Мэрлер менен акимдер жылына 2 ирет эл менен жолугууга милдеттендирилди

 Мэрлер менен акимдер жылына 2 ирет эл менен жолугууга милдеттендирилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына (“Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 10-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты болуп Кыргызстандын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын (акимдердин) жана шаарлардын мэрлеринин ишинин ачыктыгын, айкындыгын камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу саналат.

Мыйзам менен “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, аларга ылайык Бишкек жана Ош шаарлардын мэрлеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын (акимдердин) калк менен жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында милдеттүү жолугушууларды өткөрүү милдети белгиленүүдө.

Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Связанный пост