Шашылыш билдирүү: 1-июлдан 5-июлга чейин сел жүрүү коркунучу бар
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 1-июлдан 5-июлга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүшү мүмкүн.
Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо максатында төмөнкүлөр сунушталат:
- Дарыя жана капчыгай жээктерине барбоо;
- Балдарды кароосуз калтырбоо;
- Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 же 911 кызматына токтоосуз кайрылуу.