Гүлчөдө 9 кабаттуу ипотекалык турак үйлөрдүн курулушу башталды

Алай районунун Гүлчө шаарында ипотекалык “Хан-Теңири-8” турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, комплекстин курулушу Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланат.

“Жаңы комплекстин ар бири 9 кабаттан турган 12 блокту камтыйт. Долбоор заманбап жана жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу, жумуш орундарын түзүү жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган”, – деп айтылат маалыматта.

Салтанаттуу аземге президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Алай районунун акими Адыл Сапаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Связанный пост