Кыргызстанга келген чет өлкөлүк инвестициялар 34 пайызга өстү

 Кыргызстанга келген чет өлкөлүк инвестициялар 34 пайызга өстү

2026-жылдын I чейрегинде түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34%га өсүп, 386,7 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агентт иктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр январь–март айларында инвестициянын агымы 288,2 млн АКШ долларын түзгөн.

Түз чет өлкөлүк инвестициялардын эң чоң көлөмү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна туура келип, 93,6 млн АКШ долларына жетти. Кайра иштетүү өнөр жайы тармагына болжол менен 90,1 млн АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Белгилей кетсек, өсүш негизинен дүң жана чекене соода секторунун эсебинен камсыз болгон. Бул секторго тартылган инвестициянын көлөмү 64,5 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 137%га көбөйдү. Маалымат жана байланыш секторуна тартылган инвестициялардын көлөмү 75%га өсүп, 46,9 млн АКШ долларын көрсөттү.

Түз чет өлкөлүк инвестициялардын эң жогорку өсүшү кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк секторунда байкалды. 2026-жылдын I чейрегинде бул секторго тартылган инвестициялардын көлөмү 49,5 млн АКШ долларына жетип, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 26 эсеге көбөйдү. 2025-жылдын I чейрегинде бул секторго 1,8 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестициялар келген.

2026-жылдын I чейрегинде түз чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 30%ы Бишкек шаарына туура келип, инвестициялардын көлөмү 115,8 млн АКШ долларын түздү. Талас облусуна 80,3 млн АКШ доллары инвестиция тартылып, бул жалпы көлөмдүн 20,7 \%ын түздү.

Нарын облусуна тартылган инвестициялардын көлөмү 69,7 млн АКШ долларын, ал эми Чүй облусуна 68,6 млн АКШ долларын түздү. Андан кийинки орундагы Жалал-Абад облусуна жалпы көлөмү 43,3 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган.

WhatsApp Image 2026-07-01 at 08.52.10.jpeg

Связанный пост