Кыргызстанда электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти

 Кыргызстанда электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти

29-июнда Кыргызстан энергосистемасындагы суткалык электр энергиясын керектөө 47 млн 112 миң кВт.с деңгээлине жетти.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтан билдиришкендей, бул — тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Салыштыра турган болсок, былтыр 2025-жылдын 29-июнунда бул көрсөткүч 40 млн кВт.сааттын тегерегинде болгон.

Керектөөнүн өсүшүнө негизги себептери:

  • Көп кабаттуу үйлөрдүн (МИК), социалдык объектилердин, өнөр жай объекттеринин курулуп, пайдаланууга берилиши.
  • Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатканы.

Учурда өлкөнүн энергосистемасы штаттык режимде иштеп жатат.

Связанный пост