БАЭде 15 жашка чейинкилерге соцтармактарга тыюу салынды

 БАЭде 15 жашка чейинкилерге соцтармактарга тыюу салынды

Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү 15 жашка чейинки балдардын санариптик платформаларды колдонушуна катуу чектөө киргизген жаңы мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Жаңы эрежелер Instagram, TikTok сыяктуу социалдык тармактарга эле эмес, Netflix, YouTube, Spotify өңдүү видео, музыка жана оюн платформаларына да тиешелүү болот. Себеби бул кызматтар колдонуучунун аккаунту жана алгоритмдик сунуштар аркылуу иштейт.

Мыйзамга ылайык, 15 жашка чыга элек балдар үй-бүлөлүк аккаунт аркылуу же ата-энесинин көзөмөлү менен да мындай платформаларды пайдалана алышпайт.

Ал эми 15–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн айрым мүмкүнчүлүктөр чектелет. Платформалар түз эфир, жалпы чаттар жана көз карандылыкты күчөткөн алгоритмдерди өчүрүүгө милдеттүү болот.

Жаңы талаптарды аткаруу үчүн компаниялар колдонуучулардын жашын документ, биометрикалык маалымат же жасалма интеллект аркылуу текшериши керек. Бул системаларды ишке киргизүүгө платформаларга 12 ай убакыт берилди.

Эрежени аткарбаган кызматтарга айып пул салынып, керек болсо өлкө аймагында толугу менен бөгөт коюлушу мүмкүн. Ошондой эле баланын жашы тууралуу жалган маалымат берген ата-энелерге да административдик жоопкерчилик каралган.

Связанный пост