Эртеңден тарта “Манас” аэропортуна барчу жолдо кыймыл чектелет
“Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоонун биринчи этабы башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Анын алкагында 23-июндан 1-июлга чейин “Манас” аэропортунан Манас айылына чейинки Фрунзе көчөсүнүн 8 чакырым аралыгында унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
“Чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле реконструкциялоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында киргизилүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде жол толугу менен жабылбайт. Оңдоо иштерине байланыштуу тиешелүү тилкеде жолдун бир гана тарабы этап-этабы менен жабылып турат. Ал эми унаа кыймылы жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат.