Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга иш сапары менен келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, эртең 23-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилигинде кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиясынын тар жана кеңейтилген курамда 12-отуруму болот.

Жыйындардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттары каралып, документтерге кол коюлат.

Связанный пост